www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын сентябрь айында Талибан Афганистандын бир нече провинцияларында оптикалык кабель аркылуу берилүүчү интернет байланышын (Wi‑Fi, fiber-optic) чектөө же толук токтотуу боюнча буйрук чыгарды.
Бул окуя Афганистан ичиндеги маалыматка жетүү укугуна жана эл аралык реакцияларга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Бакх (Balkh) провинциясы — алгачкы болуп чектөөгө кабылды.
Ага кошумча Кундуз, Бадахшан, Баглан, Тахар өңдүү түндүк провинцияларында дагы байланыш өчүрүлгөн, кээ бир аймактарда мобилдик интернет иштеп жатканы менен өтө жай жана кымбат болуп калганы айтылууда.
Талибан жетекчиси Хибатулла Ахунзада бул чараны өлкөдөгү "моралдык бузулууларды алдын алуу" максатында ишке ашырып жатканын билдирген. Оптикалык интернет аркылуу “батыш маданиятынын таасири”, “бузуку мазмундагы контент” жана “сөз эркиндигин” жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин жүйөө кылышкан.
Эл аралык уюмдар IPPF South Asia мындай чектөөлөрдү адам укуктарына каршы келген кадам деп баалады. Алардын айтымында, интернетти чектөө — билим, саламаттык жана маалыматка жетүү укугун бузат. Ал эми байланыштын үзгүлтүккө учурашы журналисттерге, окуучуларга, ишкерлерге жана дарыгерлерге чоң тоскоолдук жараткан.
Дүйнөдөгү белгилүү ММКлар Deutsche Welle (DW), Euronews, Sky News, AP News жана башка бир нече ири басылмалар бул окуяны “интернетке каршы идеологиялык согуш” деп аташты.
Афганистандагы интернет чектөөлөр — Талибандын идеологиялык көз карашына жараша ишке ашырылган, бирок анын кесепети жалпы элдин жашоосуна, укуктарына жана өлкөнүн өнүгүшүнө терс таасир тийгизүүдө. Учурда бул чектөөлөрдүн масштабын кеңейтүү коркунучу да бар.