www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 29-сентябрында Вьетнамдын борбордук жээгине “Bualoi” тайфуну болуп өттү. Табигый кырсыктын кесепетинен өлкөдө олуттуу зыян жана адам курмандыктары катталды.

Тайфун Нге Ан, Ха Тинь, Куанг Бинь аймактарында болуп өттү. Шамалдын ылдамдыгы 120 км/саатка чейин катталып, нөшөрлүү жаан, деңиз толкундары жана селдер менен коштолгон.

Жалпы, 13 адам каза болгон, 46 адам жаракат алды. Кемелер жана балыкчылар дайынсыз болуп, 347 миңден ашык үй электр жарыгынан ажырап, жүздөгөн үйлөр, жолдор жана инфраструктура жабыркаган.

Бир нече аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланып, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылууда. Аймактар аралык транспорт токтотулуп, айрым аэропорттор жабылды. Мектептер жана мамлекеттик мекемелер ишин убактылуу токтотту.

Өзгөчө кырдаалдар кызматы элге жардам көрсөтүүдө. Калкка үйдө болуу, суу жана азык-түлүк кампасын даярдоо сунушталууда.

Последние новости