www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин үстүбүздөгү жылдын 16-17-июнунда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына болгон жумуш сапары жыйынтыкталды.
Жумуш сапары менен Ташкентке шаарына келген Адылбек Касымалиевди “Хумо” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алышып андан ары объекттерде болду.
Алгач Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo Uzbekistan — CAEx) барып, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышууда адамдарды, идеяларды жана технологияларды бириктирүү үчүн инновациялык жана шыктандыруучу платформаны түзүү максаты каралды.
Анда соң МинКаб төрагасы форумдун алкагында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Азербайжан, Беларусь, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин өкмөт башчылары менен бирге Ташкенттеги Ислам цивилизациясынын борборуна барып, тарыхый булактар менен таанышты.
Жумуш сапардын экинки күнүндө Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун пленардык жыйынына катышып, Кыргызстан менен алака түзүүнүн потенциалына токтолуп, артыкчылыктуу багыттар боюнчв кызматташууга даяр экенин айтып, форумдун ишине ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, форумга Албания, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринин өкмөттүк делегациялары, дүйнөдөгү ири корпорациялардын жана эл аралык каржы институттарынын жетекчилери катышты.
Министрлер кабинетинмн төрагасы Адылбек Касымалиевдин Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктагандан соң Россияга жумуш сапары менен учуп кетти.