www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.

Алгач төрага Марлен Маматалиев элчини АКШнын негизделгендигинин 250 жылдыгы менен куттуктап, аталган өлкөгө ийгиликтерди каалады.

Ошону менен катар Кыргызстан АКШ менен бардык багыттагы байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилеп: «Анын ичинен саясий диалогду кеңейтүү менен катар соода-инвестициялык өнөктөштүктү да өрчүтүүбүз кажет. Бизде алакаларды тереңдетүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Экономикалык кызматташтыкты чыңдоо менен эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрө алабыз», - деди.

Андан тышкары, байланыштарды өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын да ролу чоң экенин айткан төрага депутаттык достук топторунун ишин күчөтүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү байма-бай өткөрүү зарыл экенине токтолду.

Тараптар кызматташтыктын учурдагы абалы боюнча да пикир алмашып, виза берүү шарттарына байланышкан жагдайлар тууралуу да сөз кылышты.

Тагыраагы төрага Кыргыз Республикасынын жарандарына карата визалык режимдин күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу тынчсыздануусун айтып, киргизилген күрөөнүн көлөмүн кайра карап чыгууга көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.   

Ал эми Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Лесли Вигери жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрагага ыраазычылыгын билдирип, АКШ Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.

Ошондой эле визалык жагдайлар боюнча да түшүндүрмө берип, киргизилген талаптар аталган жааттагы мыйзам бузууларды алдын алуу багытында жасалганын белгиледи.

Муну менен бирге инвестициялык климатты жакшыртууга байланышкан сунуш-пикирлерин да айтып, бул бир жактуу эле эмес, эки мамлекеттин өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин жүйө келтирди.

Жолугушууда гуманитардык тармактагы алакаларды арттыруу жана жалпы эле өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатындагы сунуштар талкууланды.

Последние новости