www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, көрсөткүчтүн өсүшү, айрыкча, салык жеңилдиктери, коргонуу чыгымдарынын көбөйүшү жана президент Дональд Трамптын администрациясынын иммиграциялык саясатын каржылоо менен байланыштуу. 2025-жылдын август айында мамлекеттик карыз 37 триллион доллар деп бааланган болсо, октябрдын аягына карата ал 38 триллион долларга жеткен.
Эксперттердин айтымында, азыркы өсүү темпи сакталса, АКШнын мамлекеттик карызы 2026-жылдын ноябрында өтө турган Конгресстин аралык шайлоолоруна чейин 40 триллион доллардан ашып кетиши мүмкүн.
АКШнын Эсеп палатасы мамлекеттик карыздын көбөйүшү ипотекалык жана автокредиттер боюнча пайыздык чендердин жогорулашына, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташына, ошондой эле бизнес тарабынан эмгек акыны жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнүн азайышына алып келиши мүмкүн экенин эскертет.
Ушул жагдайда Пентагон Ак үйдөн Иранга каршы аскердик операция үчүн 200 миллиард доллардан ашык кошумча каржылоо сурады. Бул тууралуу The Washington Post өз булактарына таянып жазды.
Алардын маалыматына караганда, каражаттар үч жумага созулган интенсивдүү соккулардан кийин кыйла азайып кеткен курал-жарак запастарын шашылыш толуктоо үчүн керек. Болгону биринчи жумада эле АКШ 11 миллиард доллардан ашык каражат сарптаган.
Ошол эле учурда Ак үйдөгү булактар Конгресс мындай көлөмдөгү каржылоону колдобой калышы мүмкүн экенин белгилешет. Анткени суралган сумма Россиянын Украинага каршы толук масштабдуу баскынчылыгы башталгандан бери берилген жалпы жардамга (болжол менен 188 миллиард доллар) жакын.