www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы кездери иши алдыга жылбай, жалаң көйгөйлөргө тушутуп жаткан премьер-министр Сапар Исаков кызматынан айрылып калышы мүмкүн экени айтыла баштады.
"Исаков жалаң чет өлкөдөн билим алган кеңешчилердин тилине кирип, карапайым элдин жашоосунан алыстап кетти", - дешүүдө. Ошондой эле Исаков президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда чайналып, өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңири колдоно албай, кадрдык саясатка батыл киришип, өз алдынча кескин реформа жасаганга батынбай жатканы да кеп болуп жатат.
Айтор, "өйдө тартса араба сынат, ылдый тартса өгүз өлөт" абалында турат. КСДП фракциясы вице-премьер министр Даир Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн отчетун жактырбай коюшканына карагаңда, Сапар Исаковдун басмайылы бошоп калгандай. Булак: "Фабула"