www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК, Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, ИИМ сыяктуу күч органдарынын башына өз кишилерин алып келүүгө жан үрөп жаткан кези. Бул тармактарды өз көзөмөлүнө албаса, өз алдынча саясат жүргүзө албасын туюп жатат.
Учурда ээлеген кызматынан кол жуушу мүмкүн делген өкмөт башчысы Сапар Исаковдун чындап үзөңгүдөн буту тая турган болсо, ордуна УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди алып баруу жагы каралып жатканы айтылууда. Муну менен президент эки коёнду бир атууну көздөп жатканы байкалып турат. Анткени Абдил мырзанын өкмөт башчысы болуусуна Атамбаев каршы болбойт. Экинчиден, УКМКнын жетекчисинин орду бошоп, өз кишисин коюуга шарт түзүлөт.
Башкача айтканда, Сегизбаевди УКМКнын башчылыгынан кетирүүгө караганда, өкмөт башчы кылып туруп иштен алуу кыйла жеңил экенин баары туюп турушат. Демек Атамбаев Исаковго тийбегиле деп ордуна калтырып койбосо, ушул план ишке кириши мүмкүн.
Булак: "Фабула"