www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандагы жардыруудан каза болгондор

Ирандагы таасирдүү генерал Касем Сулейманинин киши колдуу болушунун төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда көрүстөндө болгон кош жардыруудан набыт болгондордун саны жүздөн ашты. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  бул тууралуу өлкөнүн чукул кырдаал кызматынын өкүлү Бабак Ектапараска таянып, 3-январда мамлекеттик телеканал кабарлады. Жеринде тартылган видеолордо жардыруулардын ортосу 15 мүнөттү түзгөнүн көрүүгө болот.

“Мизан” маалымат агенттиги жардыруулар 3-январда Керман шаарында, Сулейманинин көрүстөнүнө жакын жерде болгонун жазды. Ал жакта таасирдүү генералды эскерүү үчүн жүздөгөн киши топтолгон эле. Иран бийлиги жардыруулардын себебин аныктоо боюнча иликтөө иштери башталганын, эң башкы версия катары "теракт" каралып жатканын билдирди.

2020-жылы Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңдеген киши катышып, 56 киши тебелендиде калып көз жумган. 200дөн ашууну жараат алган. Ислам жумуриятынын Революция сакчыларынын корпусуна кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости