www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран азыр суу кризисинин эң оор баскычына кирди. Бийлик бул кырдаалды кургакчылык менен түшүндүрүп жаткан болсо, айрым окумуштуулар суунун жетишсиздиги туура эмес башкаруудан келип чыкканын белгилешет. Бул тууралуу «Euronews» жазды

Анда белгиленгендей, бийлик суу сактагычтардагы деңгээлди жогорулатуу максатында жекшемби күндөн тарта түнкү убакта суу берүүнү убактылуу чектөө чечимин кабыл алды. Учурда кырдаал абдан оор болгондуктан, эгер жамгыр жаабаса өкмөт 10 миллион калкы бар Тегеранды убактылуу эвакуациялашы мүмкүн. Иран президенти Масуд Пезешкиандын айтымында, өлкөнүн борборун Перс булуңунун жээгине көчүрүү боюнча да вариант талкууланууда.

Бүгүнкү күндө Тегеран аймагында беш ири суу сактагыч бар, бирок алардын баары оор абалда. Учурда суунун көлөмү акыркы 100 жылдагы эң төмөн деңгээлге түшкөн. Мунун башкы себеби — көп жылдардан берки кургакчылык жана быйыл болгон 60 жылдан кийинки эң катуу ысык. Жайында температуранын жогору болушу электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына да алып келген.

Ал эми канадалык окумуштуулар Ирандагы суу тартыштыгын адам факторуна байланыштырышат. Буга суу ресурстарын туура эмес башкаруу, дамбалардын ашыкча курулушу жана чарбалык каталар себеп болуп, кургакчылык менен ысык — болгону жагдайды тездеткен деп эсептешет.

Последние новости