www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбулдун башкы прокуратурасы Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Исраэль Кац баш болгон 37 израилдик аткаминерге каршы геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча айып тагып, камакка алуу ордерин чыгарды.
Расмий билдирүүдө, Израиль бийлиги Газага массалык аба соккуларын жасоо, гуманитардык жардамдын өтүшүнө тоскоолдук кылуу жана жарандарды массалык кыруу сыяктуу иш-аракеттери үчүн жоопкер катары көрсөтүлдү.
Тергөө “Флотилия стойкости” деп аталган гуманитардык миссиянын катышуучулары Израиль тарабынан кармалгандан кийин башталган. Түркияга кайтарылган ыктыярчыларды дарыгерлер жана психологдор текшерген соң, прокуратура бул иш-аракеттерди адамзатка каршы кылмыш катары баалаган.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин аракетин “каракчылык” деп атаган. Ал эми президент Режеп Тайип Эрдоган Нетаньяхуну “Газанын канга чыланган трагедиясынын негизги жоопкери” деп сындап келет.
Учурда Анкара менен Тель-Авивдин расмий соода алакалары токтоп, эки тарап жалаң атайын кызматтар аркылуу гана байланышууда.
БУУнун маалыматы боюнча, Газа бүгүн ачарчылыктын кесепетин катуу тартууда. Гуманитардык жардам калктын муктаждыгынын болгону 15 пайызын гана камсыз кылууда.