www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда турак жай алуу көйгөйү, ар бир үй-бүлөнүн эң чоң кыялы. Бирок соңку жылдары бул кыялга жетүү барган сайын кыйындап баратканы жашыруун эмес. 2025-жылдын он айынын жыйынтыгы да ушул көрүнүштү дагы бир жолу тастыктады.
Дегенибиз, Бишкекте жер тамдардын баасы 30%, көп кабаттуу батирлердики 20% га кымбаттады. Ош шаарындагы дагы абал окшош. Жер тамдар 26%, батирлер 20% га өскөн.
Бул көрсөткүчтөр жел сандар эмес. Алардын артында миңдеген үй-бүлөлөрдүн турмушу, жашоого болгон үмүтү, “өз үйүм болсочу” деген тилеги жатат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйылкы инфляция 7,8% ды гана түзгөн. Бирок турак жайдын баасы мындан төрт эсе ылдам өсүүдө. Демек, айлык акылардан жана экономикалык өсүштөн кыймылсыз мүлк рыногу кыйла алдыга кетти.
Акыркы төрт жылдын ичинде, 2021-жылдан 2025-жылга чейин, Кыргызстанда турак жайдын чарчы метри эки эседен ашык кымбаттаган. Орточо жылдык өсүш 25% тегерегинде. Өзгөчө жер тамдардын баасы ылдамыраак жогорулап жатат. Шаар четиндеги аймактарда жеке үй салууга кызыккандар көбөйгөн. Бирок жердин өзү да, курулуш материалдары да күн сайын кымбаттоодо.