www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Украинадагы үч объектке сокку урууга даяр болгонун, бирок Киевдин кечирим сурашынан кийин бул операция токтотулганын билдирди.

Бул тууралуу Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменейинин кеңешчиси Мохсен Резаи билдиргенин Press TV телеканалы маалымдады.

Анын айтымында, мындай чечим Украинанын күчтөрү 25-июлда Ирандын соода кемесине чабуул жасаганы тууралуу маалыматтан кийин кабыл алынган.

Иран тараптын маалыматына ылайык, окуядан бир деңизчи каза болуп, дагы бири жаракат алган.

«Биз Украинадагы үч объектке сокку урууга даяр болчубуз.

Бирок Украина кечирим сурагандан кийин бул операция жокко чыгарылды», — деген Резаи.

Ошондой эле Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи Тегеран Украина Каспий деңизиндеги ирандык кемеге атайылап кол салганын тастыктаган маалыматтар бар экенин билдиргенин айтты.

Иран тарап бул окуя боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүн белгиледи.

Последние новости