www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Азербайжандын Нахичевань шаарындагы дрон окуясы боюнча комментарий берип, Иран коңшуларына сокку урбай турганын билдирди.

“Биз коңшу өлкөлөрүбүздү бутага албайбыз, биз бул окуяны иликтешибиз керек”, – деди Казем Гарибабади азербайжандык AnewZ телеканалына берген видео маегинде.

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Азербайжанга дрон учурууга Израилди айыптап, Израил мындай жол менен “ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди бузууга” аракет кылууда деп белгилешти.

Эскерте кетсек, 5-марттта Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Ирандан Нахичевань автономиялуу республикасына дрон чабуулдары жасалганын, андан төрт адам жабыркаганын, Азербайжандын Коргоо министрлиги Баку Тегеранга жооп кайтарарын билдирген.

Ал эми, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Ирандын Нахчыванга жасаган дрон чабуулун “жийиркеничтүү террордук чабуул” деп атап, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты.

 

Последние новости