www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернет тармагында Иракта кыргызстандык аял уурулукка шектелип кармалганы тууралуу маалымат тарады.
Тышкы иштер министрлиги 1987-жылы 26-декабрда туулган Д.А.Б. аттуу жаран Иракта сулуулук салондорунун биринде эмгектенээрин билдирди.
Учурда Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги тиешелүү тараптар, ошондой эле кармалган жарандын жакындары менен тыгыз байланышта.
«Учурда аталган жаранды мекенине кайтаруу маселеси каралууда», деп айтылат маалыматта.
ТИМ чет өлкөдө жумушка орношуу боюнча сунуштарды кароодо сак жана этият болууну өтүнөт.