www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден: Трамп АКШны уятка калтырып жатат

“Бир нерсени түшүнүп алсаңыз, президент мырза: сиз биз үчүн иштейсиз, биз сиз үчүн эмес. Сиз биз үчүн иштейсиз, бир гана миллиардерлер жана миллионерлер үчүн эмес. Менин ачуум келип жатат. Бул — демократия, демократияда падышалар болбойт. Анын аракеттери бизди өлкө катары уятка калтырууда”, — деди Байден 7-ноябрда Небраска штатындагы Омаха шаарында өткөн Демократиялык партиянын иш-чарасында сүйлөп жатып.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын саясатын сынга алып, Байден Ак үйдүн чыгыш канатынын бузулушун анын өлкөнү башкаруу ыкмасына салыштырды:

“Ал Ак үйдүн чыгыш тарабындагы бөлүктү эмне кылганын көрдүңүздөрбү? Бул анын президенттик мөөнөтүнүн мыкты символу”, — деди ал.

Байдендин айтымында, Трамп “конституция, мыйзам үстөмдүгү жана демократияга” да дал ушундай мамиле кылууда.

Байден АКШнын президенти болуп 2021–2025-жылдары кызмат өтөгөн. Ал башында кайра шайланууну көздөгөн, бирок Трамп менен болгон дебаттардагы алсыз сүйлөөсүнөн кийин шайлоо жарышынан чыккан. Анын ордуна мамлекет башчылыгы үчүн ат салышкан Камала Харрис 2025-жылдын ноябрындагы шайлоодо Трампка утулуп калган.

Быйыл май айында Байдендин кеңсеси мурдагы президентке простатанын агрессивдүү формасындагы рак диагнозу коюлганын билдирген. Сентябрь айында ал терисиндеги зыяндуу шишиктерди алып салуу операциясын өткөн, ал эми октябрда CBS News маалымдагандай, Байден простата безинин рагын дарылоо үчүн нур терапиясынын курсун аяктаган.

Последние новости