www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча ипотекалык турак үйлөр баштапкы төлөмсүз берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Аталган багыттар боюнча кезеги келген жарандар мурдагыдай эле баштапкы төлөмсүз, 25 жылга чейин 4% жана 8% үстөк пайыз менен ипотекалык турак жай ала алышат.

"Ал эми Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык кредит алган жарандар үчүн мурда колдонулуп келген турак жай аянтына болгон чектөөлөр кайра каралды. Бул өзгөртүү үй-бүлөлөрдүн өсүп жаткан муктаждыктарын эске алуу менен киргизилди.

Жаңы тартипке ылайык, буга чейин ипотека алган катышуучулар турак жай аянтын өз каражаттарынын эсебинен кеңейтүүгө, ошондой эле күрөө предметин алмаштырууга мүмкүнчүлүк алышат. Мында МИК тарабынан кошумча каржылоо каралбайт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, баштапкы төлөмгө байланышкан талаптар өнөктөш-банктар аркылуу берилүүчү ипотекалык каржылоо учурларына гана тиешелүү бойдон калат. Ал эми МИК аркылуу бул багыттар боюнча каржылоо баштапкы төлөмсүз берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документ турак жайды каржылоо системасын андан ары өнүктүрүүгө жана жарандардын жеңилдетилген шарттарда турак жайлуу болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

 

 

Последние новости