www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда “Күлүп сүйлөгөн адамдан түңүл, тийип туруп жааган күндөн түңүл” деген макал бар. Анткени, жасалма гүлдөй жаркылдаган, түлкүнүн бачикисиндей жылмаңдаган ургаачылар ойногураак болсо, андай эркектердин басымдуу көпчүлүгү эки жүздүү, жалганчы, суу куйду, ыймансыз боло тургандыгы турмушта эбак ырасталган. Жалмаңдаган Михаил Горбачев Союзду жаркылдап жүрүп таркатып жиберсе, анын копиясындай болгон Акайыч Кыргызстанды сызга отургузуп коюп бир күндө качып кетти го, чиркин!

Чыкыя кийинип, чычаңдай басып, дайыма жылмаңдап жүргөн, Аскар Акаевден бетер кыраатын келтире кооз сүйлөгөндү жакшы көргөн Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодон башка да ири коррупциялык иштерге аралашкан паракор гана эмес, тийиштүү кызматтардын акыркы маалыматтары боюнча, жумшактап айтканда, АКШнын Кыргызстандагы бешинчи колоннасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири да болуп чыгууда. Эмесе сөздү алгач анын тийиштүү мыйзамдарды одоно түрдө бузуп, Кыргызстанга ири өлчөмдө келтирген зыяндарынын биринен баштайлы.

КРнын Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттиги табийгый ресурстарга келтирген зыяндары, Лысый, Давыдов мөңгүлөрүнүн жок кылынуусу, Петров көлүнүн суусунан пайдаланган акысын төлөбөгөндүгү ж.б. үчүн “Кумтөр Голд Компани” ЖАКсына ” каршы сотко доо-арыз жазып, андан Кыргызстанга жалпы суммасы 7 млрд. сомдон ашык ( 100 миллион доллардан ашат) каражатты төлөтүү тууралуу чечим чыгартууга жетишет. 2017-жылдын августунда Сапар Исаков премьер-министр болуп келгенден кийин “Кумтөр Голд Компани” менен маселени тынчтыкта чечебиз деген демилге көтөрүп, акыр аягында аны менен “Тынчтык келишимин” түзүп, андан 50 млн. долларды табиятты өнүктүрүү фондуна, 7 млн. долларды онкологиялык кызматты колдоо фондуна которттуруп ( ал каражаттар каякка кетти экен?), маселени жаап салат. Түз эле айтуу керек, ал укуктук талаадан чыгып кеткен чечим болгон. Анткени, соттун чечимин жокко чыгарганга өкмөт түгүл парламенттин да укугу жок. Аны Жогорку Сот гана өзгөртө алмак. Анан 57 млн. доллардын Кыргызстанга берилгени жакшы, бирок ал сот чечим чыгарган 100 млн. доллардын жарымынан бир аз ашыгыраагы гана да.

Өкмөт “Тынчтык келишимин” түзүү менен бир жагынан соттук иштерге ачыктан ачык кийлигишип, ага басым жасап, мыйзамды орой бузса, экинчиден, мамлекетке 43 млн. долларлык зыян келтирген. Ал аз келгенсип ал келишимге “мындан ары “Кумтөр Гол Компаниге” каршы эч кандай доо арыздарды койбойбуз” деген милдеттенменин киргизилүүсүнө да демилгечи болгон. Ал келишим менен элестүү айтканда,Кыргызстандын буту-колу байланды, эми аталган компания мөңгүлөрдү жоготмок түгүл, сууларды, абаны ж.б. булгаса да укуктук жактан эч кандай кине коё албайбыз, айтып, жазып кала беребиз.

Сапар Исаков өкмөттүн Эл аралык мамилелер бөлүмүн жетектеп турганда ошол убактагы премьер-министр И.Чудинов “АКШ боюнча алдын ала даярдалган документтердин мазмуну сүйлөшүүлөр баштала электе эле АКШ тараптагыларга белгилүү болуп калып, алар контраргументтерди даярдап, тийиштүү чараларды көрө башташкандарын” айтып даттанган.

С.Исаков 2017-жылы августта премьер-министрликке дайындалганы жатканда ЖКнын айрым депутаттары И.Чудиновдун убагында ага карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөлөрдүн кандай жыйынтыкталгандыгы тууралуу суроолорду беришкенде, ал алардын бирине да ынанымдуу жоопторду айта алган эмес.

С.Исаков 2009-жылы АКШнын “Манас” аэропортундагы авиабазасын жабууга ачык каршы чыккан. 2010-жылдын 7-апрелинде элдик революция болгондо ал Максим Бакиев менен АКШда жүргөндүгүн жакшы билебиз. Дайыма Бакиевчил болуп жүргөн С.Исаковдун кайдан Атамбаевдин “оң колуна” айланып кеткендигине акыл жетпейт. Ал ошол убакта айрым конфиденциалдуу маселелер боюнча А.Атамбаев менен тымызындан кызматташып жүргөн болушу да ыктымал. Экөөсүнүн апрель революциясынан кийинки ысык достугун башка аргументтер менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес.

Азыр тийиштүү кызматтагылар аныкташкандай, көрсө ошондо эле ал АКШнын Кыргызстандагы “инсайдери” ( өз кишиси же шпиону) болгон экен. Ал АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин документтеринде дайыма “инсайдер” деп аталгандыгы ачыкка чыгууда. Алсак, 2009-жылдын 28-майында АКШнын Кыргызстандагы ошол убактагы элчиси Татиана Гфеллер Вашингтонго шашылыш жөнөткөн телеграммасында “инсайдер саясый чечимдерди кабыл алууда меркантилдик кызыкчылыктар үстөмдүк кылгандыгын көрүп турат” деп жазат. Ошол убактагы президент К.Бакиев АКШнын “Манас” аэропортундагы авиабазасын чыгарбоо жөнүндө жыйынтыкка келгендигин С.Исаков элчиге билдиргенден кийин ал Мамдепартаментке шашылыш телеграмма жөнөтсө керек. Ал жерде С.Исаков “инсайдер” гана эмес, “strictlu protect” же “биздин өзгөчө коргоочубуз” деп да аталат.

Чет өлкөнүн “өзгөчө коргоочусу” аталган адамдын бир нече жыл дайыма мамлекеттик жашыруун сырлар менен да иштешкен эл аралык мамилелер боюнча бөлүмдөрдү башкарып,анан премьер-министр да болгондугу буга чейин биздин тышкы саясатыбыз айрым чет өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын көзөмөлүндө болуп келгендигин гана айгинелейт. С.Исаковдун ким экендиги ашкереленди, бирок анын резиденттеринин көпчүлүгү дагы деле мамлекеттик кызматтарда жүргөн болушу керек, анткени бир да инсайдер жалгыз иштебейт. Иши кылып УКМКга иш жетишет.

Мыйзамдарды эң одоно бузуп, Кыргызстан тарапты минтип өз жеринде бечарага айландырып, мамлекетке ири өлчөмдө акчалай гана эмес, коопсуздук жактан да зыян келтиргендиги үчүн Сапар Исаков гана эмес, “Тынчтык келишимин” түзүүгө катышкандардын бардыгы жоопкерчиликке тартылуулары зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости