www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка менен Орусиянын президенттери 15-августта Аляскадагы Элмендорф-Ричардсон аскердик базасында жолугушат. Сүйлөшүүлөр жергиликтүү убакыт боюнча 11:30да (Москва убактысы боюнча 22:30да) башталат. Президенттер адегенде тет-а-тет форматында (котормочулар гана катышат) жолугушат.  Андан кийин калган делегациялар кошулат.

Россиянын делегациясынын курамында:

Тышкы иштер министри Сергей Лавров;

Президенттин чет өлкөлөр менен инвестиция жана экономикалык кызматташуу боюнча жардамчысы Кирилл Дмитриев;

Президенттин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков;

Каржы министри Антон Силуанов;

Коргоо министри Андрей Белоусов;

Ал эми, Reuters агенттиги АКШнын президентинин администрациясына таянуу менен америкалык делегациянын курамына төмөнкүлөр киргенин кабарлады:

Мамлекеттик катчы Марко Рубио;

Атайын өкүл Стивен Уиткофф;

Соода министри Говард Лютник;

ЦРУнун директору Джон Рэтклифф;

Каржы министри Скотт Бессент.

Последние новости