www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Григорьевка капчыгайында селден улам жараксыз абалга келген көпүрө кайрадан пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Садыр-Аке айыл өкмөтү жана «Чайна роуд» ишканасынын атайын техникалары тартылды.
Аталган көпүрө капчыгайдагы малчылар, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар үчүн негизги өтмөктөрдүн бири болуп саналат.
Эске салсак, 2-июлда Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Григорьевка капчыгайындагы Чоң-Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен суунун нугунда жайгашкан №5 көпүрө жараксыз абалга келген.