www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүп жатат. Ага карата Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери менен депутаттар ишембиликке чыгып, Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварын тазалап, көчөттөр отургузулду. Кызыгы, бир күн мурда мэрия таштандыларды тазалап, чуңкурларды казып даярдап кетти. Бүгүн болсо депутаттар даяр чуңкурларга көчөттөрдү сайып, сүрөткө түшүп алып жөнөп кетишти. Мындай маалыматты pk.kg сайты жазып чыкты. 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, ишембилик эртең мененки саат 09:30га пландалган.

Жогорку Кеңештин аппаратынын ж.б. кызматкерлери саат 09:00гө келип, тазалоо иштерин башташты. Депутаттар саат 10го жакын келишкен.

Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов көчөт олтургузуу үчүн алдын-ала чуңкурлар казылбаганын, депутаттар саат 10го чакырылганын айткан:

“Көчөт олтургузуу үчүн чуңкурлар алдын-ала казылган жок. Болгону мэриянын кызматы атайын казыктарды кагып кетишкен. Ошол жерлерди казып, көчөттөрдү отургузуп жатабыз”, - деп билдирген Шаболотов.

Ал эми уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Алишер Жапаровдун айтымында да чуңкурлар алдын-ала казылган эмес:

“Депутаттар Чүй проспектисинен баштап, консультанттары, катчылары менен тазалап жүрүшөт. Жабдууларды мэрия менен чогуу даярдадык. Чуңкурлар алдын-ала казылган жок, бардыгын өзүбүз казып жатабыз”, - деди Алишер Жапаров.

Бирок, журналисттер эртең менен саат 08:00гө барганда, көчөттөр үчүн атайын казылган чуңкурларга күбө болгон. Төмөндөгү pk.kg сайты тартып алган сүрөттөрдөн байкасаңыздар болот.

Ишембилик башталгандан бир сааттан кийин келген депутаттар “фотосессия үчүн эле ишембиликке келгенби” деген пикирлерди жаратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости