www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ конгрессмени Комердин билдирүүсүндө «Байденге пара берүү боюнча документтер бар экендигин ФБР тастыктады». Бирок, ведомство аны өкүлдөр палатасынын комитетине берген жок.  

АКШ өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетинин башчысы Джеймс Комер билдиргенге караганда «Кошмо штаттардын президенти Джо Байденге пара берүү боюнча иликтөөнүн алкагында буга чейин америкалык конгрессмен тарабынан суратылган документтер бар экендигин ФБР тастыктаган».

Өзүнүн Twitter баракчасына жазган Комер “Ал кездеги вице-президент Байдендин кылмыштуу пара алуу боюнча схемада бар экендиги FD-1023 формадагы документ аркылуу катталгандыгын ФБР бекемдеген». 

Ошол эле мезгилде конгрессмендин айтуусунда ФБР бул документти палатанын комитетине берүүдөн баш тарткан. Ушуга байланыштуу Комер «Конгрессти сыйлабагандыгы үчүн ФБРдин директорун жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоорун» даярдап жатат.   

Буга чейин KP.RU басылмасы Джо Байден катышкан чатак туурасында жазып чыккан. Анда АКШнын президенти Барак Обаманын учурунда вице-президенттик постту ээлеп турган Байдендин жашыруун документтерге байланышы бар экендиги тастыкталган. 

Бир аз убакыттан кийин ушундай эле жашыруун документтерди америкалык лидердин Уилмингтондогу үйүнүн гаражынан да табышкан. 
Мындай документтер «күтүлбөгөн белек» экендигин айткан Байден андагы кагаздардын мазмунун билбей тургандыгын айтып танган. 

Кийинчерээк ФБРдин кызматкерлери АКШ президентинин Рехобот Бичтеги үйүн да жашыруун документтердин алкагында тинтүүгө алышкан. 
Бир аз убакыт мурда Комер «америкалык лидер өлкөнүн вице-президенттик кызматын ээлеп турганда анын үй-бүлөө мүчөлөрү Кытайдан миллиондогон долларларды алгандыгын» айтып, Байденди күнөөлөп чыккан.  

Нур АМАН 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости