www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президенттин жана анын айланасындагылардын көзөмөлүндө турган ММКлар эл арасында жердешчилик, уруучулук жиктелүүлөрдү тереңдетип, алар аркылуу нааразылыктарды, колдорунан келсе саясый жаңжалдарды чыгарууга жан үрөп жатышкандыгын көрүп жатабыз. Ал АШАчылардын негизги стихиясы, стратегиялык тактикасына айланды.

Анткени, АША өзү президент болуп турганда деле жети дубан элди жетиге бөлүп, мазактап, өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирүүчү, маданияттуу адам оозуна албай турган калжың сөздөрдү айтып келгендигин жакшы билебиз. Анабашчысынын саясый, моралдык деңгээли ошол болсо, шакирттери кайда барышмак эле. Койчусу кандай болсо, малы да ошондой болот эмеспи. Мына ошол өлкөнүн биримдигин, бүтүндүгүн бузгусу келип жаткандардын артында АШАнын “ишенген кожосу” Фарид Ниязов турары да эч кимге жашыруун эмес.

Мурда ал коомчулукка журналист катарында белгилүү болсо, АША бийликке келгенден кийин саясый технологго, ага удаалаш Бишкектеги эң ири жер ээлеринин бирине айланды. Калемден башканы кармап көрбөгөн Фарид Ниязов жерлерин эмне максаттарда пайдаланат, аны эч ким билбейт, бирок анын бир жерде 7 гектар, экинчи жагында 9,6, ал эми аларга жанаша тилкеде 3 гектар жери бар, дагы 1,6 гектардагы жер аянтынын 25 пайызына ээлик кылат.

Ал эми аялынын 19,12 гектар жери, турак жай сала турган 15 сотук участкасы бар, экөөсүнүкүн кошкондо 40 гектар жердин ээлери болуп саналышат. Алардын баары борбор калаага улагалаш тилкелерде жайгашкан. Ал тилкелер трансформацияга киргизилсе, Фарид мырза аларды сотуктап миңдеген долларларга сатып, заматта Бишкектеги байлардын бирине айланууну чыдамы кете күтүп жүргөн убагы. Бирок ал анча жерди кайдан тапкан кирешесине алган бүгүнкү күнгө чейин жашырып келет.

Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстанда калем акы менен марыганга мүмкүн эмес. Атактуу журналисттер деле өп-чап тирилик өткөрүшөт. Аялы бизнес кылып Фарид мырзаны байытып жатабы десек, анын декларациясында аялынын кирешеси көрсөтүлбөптүр. Анда алар жогорку жерлерге кошо тракторду, жүк контейнерин, курулуш вагондорун жана батирди, 108 чарчы метрлик үйдү кайдан түшкөн каражаттарга алышкан? Саясый буйрутмаларды аткаргандары үчүн төлөнгөндөргөбү? Анда эмнеге ал кирешелери декларациясында көрсөтүлгөн эмес?

Мындан төрт жыл мурда “Вечерний Бишкек” гезити басмаканасы менен кошо А.Кимден тартып алынып, Рябушкинге өткөрүлүп берилгендигин жакшы билебиз. Александр Ким ошондо эле рейдерлик тартып алуунун артында АША менен Ф.Ниязов тургандыгын, Рябушкин жөн эле ортодогу тактеке экендигин айтып какшаган. Кийин Ф.Ниязов “Вечерний Бишкек” басма үйүнөн ай сайын 3 миллион сомдон алып турары белгилүү болгон.

Алардын канчасын ал өзүнө калтырып, канчасын жезде-шефине берип келгендигин билбейбиз, бирок рейдерликте активдүү ролду аткаргандыгы үчүн ар айдагы “кирешенин” үчтөн бири ага калтырылса деле Фарид мырзанын ити чөп жеп, арабасынын кылдыреги өрдү көздөй өзүнөн өзү тегеренмек . Мына анын кыска убакытта ири жер ээсине айлангандыгынын сыры!

Азыр Ф.Ниязовдун тобундагылар кээде ачыктан-ачык, көбүнчө тымызын, кыйыр түрдө аймактардын тургундарын кайраштырып, өлкөдөгү саясый туруктуулукту бузууга жан үрөп, от менен ойношууда. Андай иштерге 2010-жылдагы апрель революциясына катышкандарды тартууга да аракеттенишүүдө. Анткени, ири коррупциялык иштердин бир учу АШАга жакындаган сайын Фарид мырзанын да тынчы кетип, түшүнө декларация текшерүүчүлөр кирип жаткан убагы. Анын элдин биримдигине доо кетирүүгө жасап жаткан иштеринен Абыке, Көбөш менен Көзкаман да жийиркенишмек.

Коомдогу эң аярлуу, өтө кылдат мамиле жасай тургандар - диндик, улуттар аралык мамилелер, анан  элдин биримдигине, өлкөнүн бүтүндүгүнө байланышкан маселелер болуп саналат. Аларга тийишкендерге карата ашкере либералдуулуктун кереги жок, ал өтө кесепеттүү, кандай учурда болбосун андай аракеттерге каршы аёосуз чаралар көрүлүүсү зарыл! Антпесе, бир күнү кеч болуп калышы ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости