www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Украинаны Еврошаркетке жолотпой жатышат, Шенген визасына суутуп коюптурбу. Байден берген долларларды күйшөп жата бергени оң. Еврошаркеттин Кеңеши Болгарияны жана Румынияны Шенген аймагына жарым-жартылай кошуу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим,  «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, жыл жаңырар алдында болгон. Келерки жылдын март айынан тартып эки өлкөнүн Шенген келишимине мүчө өлкөлөр менен аба жана деңиз чек ара тилкесинде чек ара көзөмөлү жоюлат. Ал эми жердеги чек арасындагы көзөмөлдү токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр дагы уланат. Бул боюнча чечим да анча узабай турганы маалымдалды.

Шенгенге жарым-жартылай кабыл алуу тууралуу чечим Европа Биримдигинин тарыхында алгачкы жолу кабыл алынып олтурат. Болгарияны кошууга Венгрия каршы болуп, макулдугун жакында эле берди. Анын алдында болгар бийлиги расмий Будапешттин басымынан кийин орусиялык газдын транзити үчүн төлөмдү алып салууга мажбур болгон.

Еврошаркет аталган эки өлкөнү Шенген аймагына кабыл алуу туризм жана соода-сатык алакасын кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтууда, София менен Бухарест чет өлкөлүктөргө Шенген визасын берүүгө уруксат алабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Болгария жана Румыния Еврошаркетке мүчө болуп 2007-жылы кабыл алынышкан. Еврокомиссия аларды Шенген аймагына интеграциялоого даярдыгын 2011-жылы эле билдирген, бирок биримдиктин айрым мүчөлөрү бул эки өлкөдө коррупция бар экенин, алар чек аранын коопсуздугун камсыз кыла албай турганын жүйө келтирип келишкен. Австрия жана Нидерланд өлкөлөрү мыйзамсыз миграция агымы күчөйт деген да кооптонуусун айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости