www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-февралда саат 18:00дөн 23-февраль саат 06:00гө чейин Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул убакыт аралыгында жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу 8 автобусттук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт.
Алар: №71, №21, №2, №36, №40, №48, №48, №118, №254 каттамдар.
"Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Белгиленген убакытта альтернативдүү багыттарды пайдаланууңуздарды суранабыз"- деп айтылат маалыматта.