www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлнара Баатырова жана Жылдыз Эгенбердиева бүгүн, 20-февралда ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин (КСОЗ) алдындагы комитеттин жыйынына катышты.
Комитеттин жыйынында ВИЧ/СПИД, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун колдоосу менен аткарылып жаткан программалардын жүрүшү, комитеттин курамын жаңылоо жана 2026-жылга иш-планды бекитүү маселелери каралды.
С19RM алкагында сатылып алынган жабдууларды мамлекеттик уюмдардын туруктуу пайдалануусуна өткөрүп берүү маселеси талкууланып, комитеттин 2026-жылга карата календардык иш планы каралды.
ВИЧ/СПИД жана кургак учукка каршы иш-чараларды күчөтүү, тармактар аралык кызматташууну жакшыртуу жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.