www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1–2–3-апрель күндөрү Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкекгаз газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жантөшев көчөсү, Байтик Баатыр көчөсү, Лев Толстой көчөсү, Кара-Дарыя көчөсү, Горький көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, "Кыргызавтомаш" заводу, Макарон цехи, "Жыргал" жана "Байтур" мончолору менен чектелген аймакта газ болбойт.

Газ жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Последние новости