www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсептөө палатасы 2025-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын чыгарды.
Аудиттин алкагында бюджеттик тартипти чыңдоо, финансылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү боюнча бир катар сунуштар берилди.
Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71 пайызы гана өткөнү аныкталып, калган мекемелерди да тутумга өткөрүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана ички резервдерди натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү талданды. Өзгөчө тоо-кен тармагындагы салыктык мыйзамдарды өркүндөтүү, салык ставкаларын өз убагында адаптациялоо жана тармактык ишканалардын милдеттүү төлөмдөрүн бюджетке толук түшүрүү аркылуу кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды.
Мындан тышкары, мамлекеттик карызды жана финансылык активдерди башкарууну жакшыртуу зарылдыгы белгиленди.
Финансылык милдеттенмелерди оптималдаштыруу, баалуу кагаздарды чыгарууга кеткен бюджеттик чыгымдарды азайтуу жана мамлекеттик акциялар пакеттерин эсепке алуу иштерин иретке келтирүү сунушталды.
Аудиттин жүрүшүндө мурдагы мезгилдерге тиешелүү айрым карыздар такталып, тиешелүү баланска калыбына келтирилген.
Эсептөө палатасы капиталдык салымдарды жана бюджеттик кредиттерди бөлүүдө Казыналык тутумдун ролун күчөтүү, мамлекеттик колдоо чараларынын негиздүүлүгүн талдоо жана бюджеттик каражаттарды, анын ичинде социалдык жактан корголгон беренелер боюнча каражаттарды толук жана натыйжалуу өздөштүрүү зарылдыгын да белгиледи.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу, бюджеттик мыйзамдарды сактоо жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын жогорулатуу максатында Министрлер Кабинетине, Финансы министрлигине жана мамлекеттик органдарга тиешелүү жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.