www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда “боёкчу-боёкчу десе атасынын сакалын боёптур” деген жакшы макал бар. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов үчүн айтылгандай таасир калтырат. 

Дегенибиз, Эрулан мырза Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын билбейби, же кызмат абалынан аша чаап кыянаттык кылып, курулай пиар жасаган адатын калтыра албай жатабы, айтор анын кылык-жоруктары эл өкүлүнүн этикасына да, кызматтык милдеттерина дагы сыйбайт. Мына көчөдө номери жок машина айдап жүрөт деп бир инспекторду кууп, алдын тороп токтотуп, машинасынын ачкычын алып өзүнчө эле оройлонуп, кекетип-мокотуп жатат. 

Албетте, инспектордун кадамдарын туура деп жактабайбыз. Ал өзүнүн мыйзам бузуулары үчүн тиешелүү жазасын тартат. Айып төлөтөбү, же башка админстративдик чара көрүшөбү, аны тиешелүү укук коргоо органдары карайт. 

Кызыгы, Жогорку Кеңештин депутатынын кандай ыйгарым укугу бар, көчөдөн номери жок машина айдап жүрөт деп кууп токтотуп, Жол кайгуул кызматынын ролун аткарып бакылдаганга? Мандаттын маанисин ушундай деңгээли чектелүүлөр майдаланып баркын кетирип жатышат. 

Көкүлов эл өкүлүнүн негизи милдети – мыйзам жазуу, элдин үнүн бийликке жеткирүү экенин билбейби? Бул эргул депутат болдум десе, каалаганымды кыла берсем болот деп ойлойбу? Эл өкүлүнүн милдети машина кууп, көчөдө жүрүү эмес да. Бул баягы ашканада “таракан кууп” жүргөн учурундагы абалдан чыга элек көрүнөт. 

Мына ушундай Жогорку Кеңештин аброюн кетирип жаткандардын тизгинин тартып койчулар барбы? Андай эле жол эрежелерине күйүп-бышып жатса анда мандатын тапшырып берип, Ички иштер министрлигине кызматка кирип (эгер кесиби, психологиялык абалы туура келсе) Жол кайгуул кызматынын инспектору болуп иштесин. Курулай шоу жасаган жоругу депутаттын деңгээли эмес.

Последние новости