www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан «Умут и Ко» сүт ишканасына барды.

Сапардын жүрүшүндө министр ишкананын өндүрүш процесси, сүттү кайра иштетүү технологиялары жана чыгарылып жаткан продукциялардын ассортименти менен таанышты.

«Умут и Ко» жоопкерчилиги чектелген ишканасы – Кыргыз Республикасындагы сүт өнөр жайындагы алгачкы ишканалардын бири болуп саналат жана чийки сүттү кайра иштетүүгө адистешкен. Ишкана 1997-жылдан бери иштеп келет. Долбоордук кубаттуулугу суткасына 100 тоннага чейин, учурда орточо 40–50 тонна сүт иштетилет.

Ишканада пастерлөө жана гомогенизациялоо боюнча заманбап технологиялык линиялар колдонулуп, өндүрүштүн бардык этаптарында продукциянын коопсуздугу жана сапаты эл аралык талаптарга ылайык көзөмөлдөнөт.

Бүгүнкү күндө ишканада 430 кызматкер эмгектенет. Өндүрүш лабораториясы жана адистер тобу сүттүн жана сүт продукцияларынын сапатын туруктуу текшерип турат.

Ишкананын негизги максаты – керектөөчүлөрдүн талаптарына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү жана коопсуз сүт продукцияларын чыгаруу.

 

Последние новости