www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика тармагынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тапшырмасына ылайык, быйыл Бишкек шаары боюнча 6–10/0,4 кВ чыңалуусундагы 298 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кошумча 38 даана жаңы трансформатор орнотулат. Бул иштер 2026-жылдын март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.

Аталган жабдууларды жаңылоо “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланып, Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан ишке ашырылат.

Оңдоо иштеринин алкагында трансформаторлордун техникалык абалы текшерилип, эскирген тетиктери алмаштырылып, керектүү техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.

Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртып, жүктөмдү тең салмактоого жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.

Трансформаторлор төмөнкү РЭТтерде жаңыланат:
 • Чыгыш РЭТ — 113 даана оңдолот, 25 даана жаңысы орнотулат;
 • Батыш РЭТ — 100 даана оңдолот, 3 даана жаңысы орнотулат;
 • Түндүк РЭТ — 85 даана оңдолот, 10 даана жаңысы орнотулат.

Белгилей кетсек, Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында шаар боюнча жалпы 2248 даана трансформатор бар. Жылдын аягына чейин алардын баары техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

 

Последние новости