www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Сокулук районунда жайгашкан мамлекеттик асыл тукум заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрге институттун асыл тукум биолабораториясында ири мүйүздүү малдын генетикалык сапатын жакшыртуу, жасалма уруктандыруунун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана аймактардагы техникалык уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздоо боюнча иштер туруктуу жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат берилди.

«Биз санга эмес, сапатка өтүшүбүз керек. Ушундай жол менен гана генетикалык жактан таза асыл тукум малдын уруктарын ала алабыз. Бул бүгүнкү күндөгү негизги артыкчылыктуу багыттардын бири. Ошондой эле климаттык шарттарга ылайыкташкан жана сыноодон өткөн ата мекендик жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл», — деп белгиледи министр.

Мындан тышкары ишкананын жетекчисине объектти толук реконструкциялоо боюнча сметалык долбоорду даярдоо тапшырылды. Министр заводдо жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен кайрадан таанышуу үчүн кийинки аптада дагы барууну пландап жатканын билдирди.

 

Последние новости