www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкө Перс булуңундагы мамлекеттерге кол салбайт деген билдирүү жасагандан кийин, Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) бул сөздөргө жооп кайтарды.

Аскердик мекеме тараткан билдирүүдө президенттин мындай позициясы туура эмес экени айтылган.

КСИР өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекет башчысынын сөзүнөн бир нече саат өткөндөн кийин Дубай жана Абу-Даби шаарларындагы айрым буталарга сокку урулган.

- Президент Пезешкиан коңшу өлкөлөргө кол салуу болбойт деп жаңылыш айтты. Биздин куралдуу күчтөр муну ачык көрсөттү. Согуш шартында Пезешкиандын билдирүүлөрүнө көңүл бурбагыла, – деп айтылат КСИРдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, Пезешкиан буга чейин Иран коңшу мамлекеттерге аскердик сокку урбай турганын билдирген.

Последние новости