www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Элдик өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз менен видео байланыш форматында сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн күн тартибине ылайык Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. 

Анда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек араларында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле, Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону өнүктүрүү жана илгерилетүү маселеси каралды. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда айыл чарба продукциясынын ар кандай түрлөрүн экспорттоо боюнча болжол менен 17 протоколго кол коюлган. Өз ара соода жүгүртүү тармагында Ош аэропортунда жүк кампасын түзүү маселесин карап чыгышты. 

Мындан тышкары, учурда курулуш иштери активдүү жүрүп жаткан “Барскоон-Бедел” автожолунун курулушуна арналган атайын техникаларды, курулуш жабдыктарын жана башка жүктөрдү Кыргызстандын аймагына өткөрүү үчүн убактылуу жолду уюштуруу маселеси каралды. 

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук-логистикалык байланыштарды жана башка тармактарды мындан ары чыңдоого умтулууда бирдиктүү иш жүргүзүү макулдашылды.

 

Последние новости