www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1, 5 жана 9-май күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштешет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар майрам күндөрү калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында кабыл алынган. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын бардык филиалдары өзгөчө иштөө режимине өткөрүлдү.

Бардык райондук электр тармактарында ыкчам-чыгуучу бригадалардын нөөмөтү уюштурулду. Аларга филиалдардын жетекчилери да кошумча тартылды. Мүмкүн болгон аварияларга ыкчам жооп кайтаруу үчүн атайын техникалар жана нөөмөттөгү автоунаалар даярдалды, ошондой эле бригадалар керектүү жабдуулар менен камсыздалды.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор болсо, жашоочулар күнү-түнү «КЭТ» ААКтын 105 номерине, ошондой эле мобилдик телефондорго: 0772001209, 0556001209 жана WhatsApp аркылуу 0702001209 номерине кайрыла алышат.

Филиалдардын диспетчерлеринин байланыш номерлери:

  • ИПЭС — 0392240903;
  • Талас ПЭС — 0700720032;
  • Баткен ПЭС — 0776460860;
  • Нарын ПЭС — 0352252343;
  • Бишкек ПЭС — 0556025381;
  • Чүй ПЭС — 0559544510;
  • Ош ПЭС — 0772006015;
  • Жалал-Абад ПЭС — 0777660669.

Последние новости