www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы, «Кемпир-Абад» иши боюнча камакта болуп чыккан Мамбетжунус Абылов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасынын 29-апрелдеги кайрылуусунан кийин билдирүү жасап, Камчыбек Ташиевге суроолорун жолдоду.

Буга чейин, 29-апрелде айрым маалымат каражаттары Камчыбек Ташиев эки шериктеши менен суракка чакырылганын жазышкан. Ал сурактан чыккандан кийин коомчулукка кайрылуу жасап, ага карата козголгон кылмыш иши боюнча өз позициясын билдирген.

Ташиев кайрылуусунда:

«Бул кылмыш иш боюнча юридикалык жактан менин коргонууга толук мүмкүнчүлүгүм бар. Менин эч кандай күнөөм жок. Кудай буюрса, акталып чыгам», — деп айтылган.
Мамбетжунус Абылов аталган билдирүүгө жооп кайтарып, аны тергөөгө басым көрсөтүү катары баалаган. Ошондой эле ал коомчулукта “тынчсызданган адамдар” тууралуу айтылган сөздөрдү тактоону сунуштады.

Текстин кайрылуусу төмөндө толугу менен: 

—  Анын кайрылуусу юридикалык жактан тергөөгө басым көрсөтүү, саясый жактан бийликке кыр көрсөтүү болуп эсептелет. Ошондуктан тергөө эркин жүрүш үчүн, мыйзамдын талабы боюнча ага камакка алуу бөгөт чарасы дароо колдонулушу керек. Себеби көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө деген маалымат, «Керегем сага айтам, келиним сен ук» деген бийликке багытталган эле эскертме. Ошондуктан анын тынчсыздана баштаган көптөгөн адамдар дегени кимдер экенин бийлик тастыктап, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Буга бийлик маани бербей, 2005 жана 2010-жылы бизде бийлик тактан кулаганын бүгүнкү бийлик унутпашы керек.

Анын кайрылуусунда «Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо, акталат» деп белгиленип, Кемпир-Абад маселеси боюнча акталгандарды ал мисал келтириптир. Мен Кемпир-Абад боюнча камалып, таза деп акталган 25 адамдын бири катары ага төмөнкү суроолорду жолдойм:

1.    Ата мурастан калган ыйык жерибиз Кемпир-Абадты Өзбекстанга берүүгө каршыбыз деген 25 адамга эмне үчүн Сиз жетектеген УКМК 2022 жылы «бийликти басып алуу» беренеси менен кылмыш иш козгоп, камап, 2026 жылга чейин аларды соттон чыгарбай кармады? 

2.    Өзүңүз өткөргөн жыйында, «Мен бийликте турганда Сизге бир да жакшылык кылбайм» деп 25 адамдын көзүнчө мага эмне үчүн акарат кылдыңыз? 

3.    Ошол таза деп акталган 25 адамдын кадыр-баркын, ар намысын тебелеп, ден-соолуктарына доо кетиргениңиз үчүн, өз эркиңиз менен алардын ар бирине канча суммадагы акча каражат төлөп берүүгө даярсыз, же алар сот аркылуу Сизди кустуртушун каалайсызбы? – деп жазган кайрылуусунда Абылов.

Последние новости