www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

2026-жылдын 13-августунда Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдын эл аралык энергетикалык компаниясы — China Southern Power Grid International (HK) Co., Ltd. компаниясынын президенти Чжан Хэн менен жолугушту.

Жолугушууда электр энергетикасы тармагындагы кызматташтыктын келечеги каралып, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, электр тармактарын өнүктүрүү, санариптик технологияларды жана электр энергиясын топтоо системаларын киргизүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен China Southern Power Grid International компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке ылайык, тараптардын кызматташтыгын координациялоо жана биргелешкен долбоорлорду техникалык жана инвестициялык жактан иштеп чыгуу үчүн Биргелешкен жумушчу топ түзүлөт.

Кызматташтык Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана электр энергетикасы тармагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Последние новости