www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда бүгүн үч штатта — Теннесси, Алабама жана Оклахомада үч кылмышкерди өлүм жазасына тартуу пландалууда.

Чет элдик маалымат каражаттарына таянсак, сот өкүмдөрү өлүмгө алып келүүчү инъекция жолу менен аткарылат. Бул АКШда дээрлик 16 жылдан бери биринчи жолу бир күндө үч өлүм жазасы пландалган учур болот.

Теннесси штатында 1985-жылы үй кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган Энтони Даррелл Хайнстын өкүмү аткарылышы күтүлүүдө.

Алабамада 5 жаштагы кызды зордуктап, өлтүргөн деп соттолгон Жереми Уильямс өлүм жазасына тартылат.

Ал эми Оклахома штатында 2003-жылы сүйүктүүсүн өлтүргөн деп күнөөлөнгөн Карлос Куэста-Родригестин өлүм жазасын аткаруу пландалууда.

Последние новости