www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште энергетика чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттердин объекттерине толук жана сапаттуу текшерүү жүргүзүү максатында иштелип чыккан “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экотехинспекциянын маалыматына караганда, энергетикалык коопсуздук өзүнө техногендик коркунучтун төмөнкүдөй жыйындысын камтыйт: электр коопсуздугу, өрт коопсуздугу, механикалык коопсуздук, экологиялык коопсуздук, өндүрүштүк коопсуздук жана жарылуу коопсуздугу. Энергетика тармагындагы техникалык коопсуздук талаптарынын, электр жабдууларынын иштөө режиминин бузулушу орду толгус кесепеттерге алып келет.

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамда энергетикалык тармактын өзгөчөлүктөрү эске алынбай калган. Ошондон улам, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерин алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен текшерүүгө өбөлгө түзөт. Мыйзамга ылайык, жогорку тобокелдик даражасындагы объектилер жылына бир жолу гана текшерилет. Ошондуктан, текшерүүнүн жаӊы принциптерин аныктоо зарыл. Текшерүү жөнүндө алдын ала эскертүү экологиялык жана техникалык коопсуздукка терс таасирин тийгизүүдө. Алар текшерүү убактысын алдын ала билип алышып, ченемдерди бузуу фактыларын жашырып, кетирилген кемчиликтерди үстүрттөн жымсалдоо менен кутулуп кетүү амалын жасашат. Эгерде өрт боюнча гана алдын ала билдирмени жиберүү жөнүндө ченем кабыл алынса, жалпысынан текшерүү жөнүндө билдирмени жиберүү зарылдыгы жоюлат.

Депутаттар ишкердиктин субъекттери жылына канча жолу текшериле турганына кызыгуу менен бирге, Экотехинспекциянын өкүлдөрүн электр энергиясынын берилүү сапатына өзгөчө көӊүл бурууга чакырышты. Экотехинспекциянын өкүлү мыйзам жоболоруна ылайык ишкердиктин субъекттери жылына бир жолу текшериле турганын белгиледи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости