www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Араб Падышалыгынын Спорт министринин эл аралык мамилелер боюнча орун басары Гандура Шамс Гандура айым менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин алкагында спорт тармагындагы кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин кеңири талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык маселелерине бурулду. Сауд тарап VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жогорку деңгээлде катышууга кызыкдар экенин жана катышууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар спорттук дипломатия эки өлкөнүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун натыйжалуу куралы экенин белгилешип, бул багыттагы кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Последние новости