www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-апрелинде Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Хуэйчжоу шаарында «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода мүмкүнчүлүктөрү жана долбоордук сатып алуулар боюнча презентациясы» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын негизги уюштуруучуларынын бири катары Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу Хуэйчжоу шаарынын Соода башкармалыгы, Хуэйчжоу шаарынын Соода-өнөр жай палатасы, Хуэйчжоу шаарынын Кызмат көрсөтүү соодасы жана аутсорсинг ассоциациясы, ошондой эле «Борбордук Азия – Гуандун» Башкы соода палатасы менен биргеликте уюштурду.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөнүн, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгон 300гө жакын кытайлык ишкана катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы консулдуктун кызматкерлери чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын тааныштырып, ошондой эле Борбордук Азиядагы ири инфраструктуралык туристтик долбоорлордун бири болгон «Ала-Тоо Резорт» бардык мезгилдерге ылайыктуу тоо кластеринин улуттук долбоору тууралуу маалымат беришти.
Өткөрүлгөн иш-чара Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө, кыргыз-кытай ишкер байланыштарын чыңдоого жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы кызматташтык байланыштарын түзүүгө маанилүү өбөлгө түздү.