www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, конкурстук комиссиянын төрагасы Эльчибек Джантаевдин төрагалыгы алдында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын, облустук маанидеги шаардын мэрин жана алардын орун басарларын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине тандоо боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу
Аңгемелешүү этабына жалпысынан 27 талапкер катышып, алардын билим деңгээли, башкаруучулук жөндөмдөрү, стратегиялык ой жүгүртүүсү жана мамлекеттик кызматтагы жоопкерчилиги бааланды.
Жыйынтыгында, комиссия белгиленген талаптарга толук жооп берген, жогорку потенциалга ээ жана сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерди кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Кадрлар резервин түзүү төмөнкү негизги максаттарды көздөйт:
— мамлекеттик башкаруунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
— атаандаштыкка жөндөмдүү, кесипкөй кадрлар корпусун калыптандыруу;
— башкарууда туруктуулукту жана мураскерликти бекемдөө;
— мамлекеттик кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүү;
— аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуу.
Комиссиянын иши ачык-айкындуулук, калыстык жана меритократия принциптеринин негизинде жүргүзүлүп, мамлекеттик кызматка татыктуу адистерди тандоого өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.