www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күнү саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, социалдык жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу берүү токтойт.
Өчүрүү аймагы Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү, ошондой эле Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам-Алик конуштары менен чектешет.
Суу “Северный” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Белгиленгендей, тургундар “Менин шаарым” тиркемесинен ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турса болот.