www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык аба каттамдары жандана баштады

Эл аралык аба каттамдары жандана баштаганына байланыштуу өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгууда. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтты.

Ага модератор учурда кыргыз жарандары кандай негизде сыртка чыга алат деген суроо берген.

Акышевдин айтымында, ушул тапта Кыргызстандын жарандыгы бар адамдарга сыртка чыгууга уруксат берген документ жок.

"20-марттан тарта өкмөттүн чечими менен мамлекеттик чек ара жабылган. Демек, биздин жарандар сыртка чыга албайт. Эми каттамдар жандана баштаганына байланыштуу өкмөт ал чечимине өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Жакында даяр болот", — деди Акышев.

Эске сала кетсек, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон. Андан бери Кыргызстанга чертердик, жүк ташуучу жана гуманитардык рейстер гана каттап жатат.

Ал эми сыртка дипломаттар, мамлекеттик делегация жана чет элдик үй-бүлө мүчөсү бар айрым кишилер гана чыгарылып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости