www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муниципалдык өз алдынча башкаруу боюнча Мамлекеттик агенттигинин директорунун мурдагы орун басары Михаил Халитов бул каражатты 453 айыл аймагына жана 31 шаарга бөлө келгенде жарыбаган эле акча болуп калат деген пи-кирде.

«Аталышы албетте укмуш угулат! Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө дем берүүдө! Ала тургандарга бөлүп берсең, ар бирине болгону бир миллиондон гана туура келет экен 1 - дейт нааразы болгон Халитов. 

--Мамлекеттин карызы миллиарддаган сомдор менен эсептелип жатканда, инфраструктурага бир миллион сом бөлүү деген эмне тамтык?

Административдик бөлүштүрүүнү кайрадан карап чыгыл, эки деңгээддүү бюджетке өткөндө, райондук жана областтык бюджеттер республикалык бюджетке алынган. Айыл өкмөтүнүн бюджети болсо өзгөртүүсүз калган. Муну менен аймактарга тиешелүү болгон инфраструктураны каржылоо узак жылдарга алып салынган. Эми болсо орточо алганда, ар бир айыл аймагына тийе турган бир миллион сомду өкмөт тарабынан берилип жаткан укмуш берешендик катары көрсөтүшүүдө. Бир миллион сом эмнеге жетет?

Инфраструктура боюнча карызын жабууга да, жаңы бирдеме курганга да жетпейт. Муну президенттин таза суу менен камсыз кылуу туурасындагы эзели аткарылбаган жарлыгынан кийин, азыркы саясый кырдаал курчуп турган учурда эптеп упай топтоонун далбасасы гана деп айткандан башка сөз жок», -деген болжол пикирин айтат Халитов.

2017-жылы ошол кездеги премьер - министр Сооронбай Жээнбеков үч жылга эсептелген «Шаарлар - өсүү чекити" деген программага кол койгон эле. Эми бул программанын толугу менен ордунан чыкпаганы, 20 шаарда эч кандай күрдөөлдүү өсүш болбогону анык болду, бирок өкмөттөгүлөрдүн муну эми оозангысы да жок.

«Мен өкмөттүн жер - жеррерге миллион сомдон таратып берүү кадамын элеттин элпектигин сатып алуу катары баалайм. Бирок өкмөттө элдин ишенимин сатып ала турган акча жок. Же мыйзамдарды жергиликтүү бийлик инвесторлорду өзү таап, тартып келгидей кылып өзгөртүүгө даай албайт. Айыл өкмөттөрү өз аймактарындагы өндүрүштү өнүктүрүүгө кызыкдар болмоюнча эч нерсе өзгөрбөйт. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча кумга сиңгендей эч бир пайдасыз жок болот», - дейт эксперт Михаил Халитов.  

Булак: Багыт.kg

Последние новости