www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек экологиялык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жетекчилиги жана аймактык башкармалыктарынын башчыларынын катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Жыйында жер казынасын пайдалануудан бузулган жерлерди рекультивациялоо, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын аткарылышы жана Ысык-Көл облусундагы курорттук-рекреациялык объектилердин тазалоочу курулмалар менен камсыз болушу боюнча иштер жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп жатканы белгиленип, жооптуу кызматкерлерге бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырылды.

Ошондой эле, Баткен областында тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлүп, анда область аймагындагы экологиялык абал, жер казынасын мыйзамдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, таштанды маселеси, суу ресурстарын сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо жана башка экологиялык көйгөйлөр талкууланып, аларды чечүү боюнча тиешелүү сунуш-пикирлер айтылды. Жыйындын соңунда алдыдагы милдеттер жана мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү боюнча пландар белгиленди.

Последние новости