www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-сентябрда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өттү.
Айтыштын максаты — өлкөнүн эркиндигин жана биримдигин даңазалоо, мекенди урматтоого чакыруу жана кыргыз элинин салттуу төкмөлүк өнөрүн жайылтуу.
Мелдешке 16 төкмө акын катышып, жуптар чүчүкулак аркылуу аныкталды.
Акындардын өнөрү калыстар тарабынан сөз байлыгы, чечендиги, ырдын көркөмдүгү, комуз чертүү чеберчилиги, үнү жана сахна маданияты боюнча бааланды.
Жыйынтыгында:
Баш байге — Тынчтык Эсенбай уулу — 500 миң сом;
1-орун — Шайлообек Отунчиев — 400 миң сом;
2-орун — Турат Жумаев — 300 миң сом;
3-орун — Арген Биймырза уулу — 200 миң сом.
Мындан тышкары, Баян Акматов менен Мамбеттокто Мамбеторозо уулуна 100 миң сомдон атайын сыйлык берилди. Калган 10 акындын ар бирине 80 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Айтышты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурду.