www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов кызматынан кетип жатканын айтты

Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын ырастады. Бул тууралуу ал 9-апрелде Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган симпозиумда сүйлөп жатып билдирди.

Байсалов акыркы 4,5 жылда вице-премьерлик кызматты ээлегенин жана бул кызматта турган акыркы күнү Салижан Жигитовду эскеруү кечесине катышып жатканына кубанычта экенин белгиледи.

Буга чейин Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчилик кызматына дайындалары тууралуу маалыматтар тараган.

Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп иштеп туруп, 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына дайындалган.

Последние новости