www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн «ЭНЕРГОПРОМ» эл аралык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Татарстандын ири энергетикалык компанияларынын ортосунда эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөр өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев катышты. 

Сапардын алкагында делегация мүчөлөрү Татарстандын алдыңкы өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен жеринде таанышты.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыттары:

Делегация бир катар стратегиялык ишканалардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп, төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну талкуулашты:

Технологиялык инновациялар: 0,4 кВтан 500 кВка чейинки чыңалуудагы электр тармактары үчүн илимий-изилдөө иштери жана жаңы инженердик иштеп чыгуулар.

Электротехникалык жабдуулар: Кабелдик арматуралардын кеңири түрлөрү, ошондой эле төмөн жана орто чыңалуудагы заманбап электр щиттери жана комплекстүү трансформатордук көмөк чордондору.

Санариптештирүү: Энергияны эсепке алуунун "акылдуу" системалары (эсептегичтер) жана энергетикалык процесстерди автоматташтыруу үчүн заманбап санариптик чечимдер.

Жашыл энергетика: Экологиялык таза транспортту өнүктүрүү максатында электромобилдер үчүн кубаттоочу (заряддоочу) станцияларды орнотуу жана инфраструктура түзүү мүмкүнчүлүктөрү.

Өндүрүштү локалдаштыруу жана келечеги:
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар даяр продукцияны жеткирүү менен гана чектелбестен, Кыргызстандын аймагында өндүрүштү локалдаштыруу маселесин карашты. Атап айтканда, кабель продукцияларын, бөлүштүрүүчү калкандарды жана эсептегичтерди чогултуу, монтаждоо иштерин биргелешип аткаруу, ошондой эле келечекте биргелешкен ишканаларды (БИ) түзүү аркылуу энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү пландаштырылууда.

Бул кадамдар Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө, тармакка заманбап технологияларды киргизүүгө жана эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

 

Последние новости