www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиясынын жыйынына катышты. Иш-чарага коллегия мүчөлөрү, дене тарбия жана спорт боюнча облустук башкармалыктардын жетекчилери, ведомстволук мекемелер, ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү катышты.
Эдил Байсалов өз сөзүндө адистештирилген агенттиктин түзүлүшү ресурстарды топтоого жана тармакты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк бергенин баса белгиледи.
«Мамлекет спортту өнүктүрүүгө системалуу колдоо көрсөтүүдө жана каржылоонун көлөмү жыл сайын өсүүдө. Эгерде 2020-жылы бюджеттен 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн болсо, 2025-жылы дээрлик 2,6 миллиард сом бөлүндү. Бул мамлекеттин спорт тармагына болгон ишениминин жана спортчулардын алдындагы жоопкерчилигибиздин айкын далили», – деп белгиледи ал.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.
«Улуттук программага ылайык, биздин негизги милдетибиз – дене тарбия жана спорт менен массалык түрдө машыгууну кеңейтүү, инфраструктураны модернизациялоо, олимпиадалык резервди даярдоо жана мектептерде спорттук секцияларды ачууну камтыган массалык спортту өнүктүрүү. Аялдар спортун колдоого өзгөчө көңүл бурулат», – деп баса белгиледи ал.
МинКаб төрагасынын орун басары Лос-Анжелес шаарында өтө турган XXXIV жайкы Олимпиада оюндарына жана XVIII жайкы Паралимпиада оюндарына даярдыктын маанилүүлүгүн дагы баса белгиледи.
«Олимпиада – бул спорттун эң жогорку чеги. Азыртадан эле кемчиликтерди дыкат талдап, спортчуларыбыздын татыктуу даярдыгын камсыз кылуу зарыл», – деди Эдил Байсалов.
Мындан тышкары, жыйында «Кыргыз спорттук-саламаттыкты чыңдоо медицина борбору» мамлекеттик ишканасын ишке киргизүүнү тездетүү, массалык мелдештерде коопсуздук чараларын күчөтүү жана спорт тармагындагы кызматтарды санариптештирүүнү активдештирүү боюнча тапшырмалар берилди. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына өз ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу жана спорттун жаңы түрлөрү боюнча адистерди даярдоону күчөтүү тапшырылды. 2026-жылы өлкөдө бир катар ири эл аралык турнирлерди, анын ичинде күрөш боюнча Азия чемпионатын, Ысык-Көл көлүндө парустук спорт боюнча Борбордук Азия чемпионатын, ошондой эле Көчмөндөр дүйнөлүк оюндарынын кезектегисин өткөрүү пландаштырылган. Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө 2030-жылга чейинки дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын даярдоону тездетүү тапшырылды.