www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү гезит дизайнери, 41 жаштагы Эрнис Жээнтаевди соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту 13-февралда алты жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарганын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди. Азыр ал Бишкектин Тергөө абагында кармалып турат. Адвокаты соттун чечимин алгандан кийин шаардык сотко даттанарын кошумчалады.
Милиция кызматкерлери Жээнтаевди 2025-жылдын 10-ноябрында кармаган. Буга анын Фейсбуктагы жеке баракчасына жазган посттору негиз болгон. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) жана ошондой эле 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жээнтаевдин постторуна соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, "массалык башаламандыктарга чакырыктар болгон" деген корутунду чыккан.
Эрнис Жээнтаев көп жылдардан бери Бишкектеги көз карандысыз гезиттерде дизайнер болуп иштеп келген.
Ал Фейсбуктагы баракчасында "Кумтөр" кенинин улутташтырылышы, эркин журналисттердин камалышы, уюшкан кылмыштуулук тууралуу пикирин жазып, азыркы бийликти кескин сындап келген.
Жээнтаевдин жашы жете элек үч баласы, ооруп, төшөктө оор абалда жаткан энеси бар. Аялы мамлекеттик мектептердин биринде катардагы мугалим болуп эмгектенет.